🌊 Ош шаарында Ак-Буура дарыясын тазалоо иштеринин масштабдуу жүрүшү уланууда.
🚧 Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жүргүзүлүп жаткан тазалоо иштерине бардык зарыл болгон күч, каражат жана атайын техника тартылган.
🔍 22-мартта ЧЧК министри Канатбек Чыныбаев иш сапары менен барып, тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышып чыкты.
🛠️ Жумуштардын алкагында дарыянын 17 чакырымдык бөлүгүн толугу менен таштандыдан тазалоо пландалууда.
⚡ Министр, иштердин сапаттуу жана ыкчам жүргүзүлүшүн камсыздоо үчүн жоопкерчилик менен мамиле кылууну белгиледи.













