






🚧 Ош шаарынын мэри Дженишбек Токторбаев бүгүн тиешелүү кызматтардын жана ишканалардын жетекчилери менен бирге эртең мененки рейд өткөрүп, Саидов жана Моминов көчөлөрүндөгү иштердин жүрүшү менен таанышты.
🔍 Мэриянын маалыматы боюнча, рейд учурунда шаар башчысы С. Хабибулла көчөсүндөгү демонтаж иштеринин кечигип жатканын белгилеп, кызыл сызыктан чыгып кеткен жана жолго тоскоолдук жараткан өз алдынча курулган объекттерди тез арада бузуу боюнча тапшырма берди.
🚗 Ал ошондой эле жолду ачып, жолду кеңейтүү боюнча көрсөтмө берди.