🎨 Оштун борборунда “ART EXPO” аттуу эл аралык көргөзмө өтөт.
🖼️ 12-15-ноябрь күндөрү Оштун борборунда ТМД өлкөлөрүнүн катышуусунда “ART EXPO” көргөзмөсү уюштурулат.
🎬 Программада көркөм көргөзмөлөр, элдик кол өнөрчүлүктүн базарлары, автордук фильмдердин көрсөтүүлөрү, мода көрсөтүүлөрү, мастер-класстар жана тегерек столдор бар.
🤝 Иш-чаранын максаты – маданияттар аралык диалогду өнүктүрүү, традициялык жана заманбап искусствону колдоо, гуманитардык кызматташтыкты бекемдөө жана ТМД өлкөлөрү ортосунда чыгармачылык алмашууларды кеңейтүү.
📸 Көргөзмөнүн программасы жана иш-чаралардын графиги сүрөттөрдө көрсөтүлгөн.






















