💊 Ош шаарында күчтүү таасир берүүчү дарыларды мыйзамсыз сатууга каршы профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү.
🚨 19-сентябрда борбордук базардын аймагында мыйзамсыз дары-дармек саткан деп шектелген аял кармалды.
📦 Кармалган жарандан ири өлчөмдөгү дары-дармектер: 80 даана лирика кассеталары жана 100 бөтөлкө көзгө дарылар алынган, анын жалпы баасы 195 миң сомду түзөт.
🔍 Кармалган адам жана алынган баңгизат РИИБдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, тергөө амалдары уланууда.
🛡️ Иш-чаранын негизги максаты – мыйзамсыз баңги заттарын жүгүртүүгө бөгөт коюу жана жаштар арасында “аптека баңгизатына көз карандылык” коркунучун азайтуу.