Ошто «Кен-Сай» подстанциясынын курулушу аяктап жатат

Ош шаарындагы Кең-Сай массивинде жайгашкан «Кен-Сай» подстанциясы жакында пайдаланууга берилет. Учурда курулуш иштери 95% аяктап, 6300 кВА трансформатор орнотулду. Подстанция ишке киргизилгенден кийин Кең-Сай жана анын тегерегиндеги аймактар туруктуу электр энергиясы менен камсыздалат.

⚡ Ош шаарындагы Кең-Сай массивинде жайгашкан «Кен-Сай» подстанциясы жакын арада ишке берилет.

🔧 Учурда курулуш иштери 95% аяктады. Ош ПЭС бузулган техникалык жабдууларды алып таштап, анын ордуна 6300 кВА кубаттуулуктагы трансформатор орнотту.

👷 Министр Таалайбек Ибраев Ош облусуна иш сапары учурунда шаар мэри Женишбек Токторбаев менен биргеликте подстанциянын абалы менен таанышкан.

🏗️ Подстанциянын курулушу Ош шаарынын мэриясы тарабынан бир нече жыл мурун башталган, бирок белгисиз себептерден улам иш токтоп калган.

🔄 Министр курулушту кайра баштап, аяктоо тууралуу чечим кабыл алып, «Ош электр тармактары» ишканасына тийиштүү тапшырмаларды берди.

🔌 Подстанция ишке берилген соң, Кең-Сай массиви жана жакынкы райондор үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздалат.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген