Ошто «КитепФест – 2025» китеп фестивалы өттү

Ош шаарында өткөн «КитепФест – 2025» фестивалы кыргыз адабиятын жана дүйнөлүк бестселлерлерди тааныштыруу, улуттук маданиятты жайылтуу жана салттарды сактоо максатында уюштурулду.

📚 Ош шаарында “КитепФест – 2025” фестивалы өткөрүлдү. Бул иш-чара Дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө арналган.

📖 Фестивалдын алкагында А. Навои эс алуу багында жана Токтогул Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасында “Окурман Ош” жарманкеси уюштурулду. Бул жерде шаар тургундары кыргыз адабиятынын жаңы чыгармалары жана дүйнөлүк бестселлерлер менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

🎁 Иш-чарада “Китепти китепканага белек кыл” акциясы өткөрүлдү. Улуу жазуучулардын жана белгилүү акындардын чыгармаларынан үзүндүлөр окулуп, акындардын жана манасчылардын катышуусунда концерттик программа болуп өттү.

🎨 Фестивалдын негизги максаты улуттук маданиятты жайылтуу, салттарды сактоо, жаш муунду тарбиялоо жана ата мекендик адабиятты алдыга жылдыруу болду.

👥 Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Салтанат Аманова, шаардык кеңештин депутаттары, маданияттын көрүнүктүү ишмерлери жана шаар тургундары катышты.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x