



🎉 Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Ош шаарына иш сапары менен барып, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга көп функционалдуу араба-креслолорду тапшырды.
🔹 Республика боюнча 304 көп функционалдуу араба-кресло сатып алынып, аларды 3 жаштан 18 жашка чейинки каттоодо турган мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга таратуу пландалууда.
🚚 2025-жылдын 25-апрелинен тарта араба-креслолор аймактык башкармалыктарга жеткирилип баштады. Азыркы учурда 60 араба-кресло районго жөнөтүлдү.
👨👩👧👦 Бул чаралар мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жашоо сапатын жакшыртууга жана алардын мобилдүүлүгүн камсыздоого, ошондой эле оор турмуштук кырдаалдарда үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүгө багытталган.