🌊 Ош шаарында Ак-Буура дарыясын тазалоо иштери уланууда.
🛠️ Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча, тазалоо иштерине бардык зарыл болгон күчтөр, каражаттар жана атайын техникалар тартылган.
🚧 22-мартта Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев иш сапары менен барып, иштин жүрүшү менен таанышып чыкты.
♻️ Иш-чаралардын алкагында дарыянын 17 чакырымдык бөлүгүн толугу менен таштандыдан тазалоо пландалууда.
⚠️ Министр, иштерди тез жана сапаттуу жүргүзүүнү, жоопкерчиликтүү мамиле кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи.













