Ошто рейд: Увам каналынын жээктери толугу менен тазаланат

Ош шаарынын мэри Женишбек Токторбаев каналдын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштарды бузуу жана тазалоо иштерин баштоо тапшырмасын берди. Архитектура жана курулуш департаменти снос үчүн участокторду белгиледи.

🏗️ Ош шаарынын мэри Женишбек Токторбаев тиешелүү мекеме жана ишканалардын жетекчилери менен Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгына барып, Увам каналынын жээги боюнча текшерүү жүргүзүштү.

🚧 Текшерүү учурунда каналдын коопсуздук зонасында курулган турак үйлөрдү жана башка курулуштарды бузуу жана жээкти тазалоо тапшырмасы берилди.

📏 Шаардын архитектура жана курулуш департаменти тиешелүү белгилерди орнотуп, бузууга тийиш болгон участокторду белгиледи.

🔍 Мыйзам боюнча, каналдардын суу алуу зонасы эки тараптан 30 метр болушу керек. Бирок бул талаптар аткарылган эмес, суунун жээктеринде мыйзамсыз курулуштар тургузулуп, каналдын өзү тосулган.

🌊 Бардык бул курулуштар тартипке келтирилип, каналдын суу алуу зонасын бошотуу боюнча иштер жүргүзүлөт.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x