Ошто тоо туризми боюнча Дүйнө Кубогуна трасса даярдалууда

Ош шаарында спорттук тоо туризминин Дүйнөлүк кубогуна даярдык башталды. 2025-жылдын 10-16-ноябрында өтө турган мелдешке Россия, Казакстан, Тажикстан, Индия жана башка өлкөлөрдүн командалары катышат. Керме-Тоо тоосунда альпинисттер трассаны даярдап жатышат.

🏔️ Ош шаарында спорттук тоо туризми боюнча дүйнөлүк кубокко даярдыктар башталды.

🛠️ 2025-жылдын 10-16-ноябрында өтүүчү иш-чара үчүн Керме-Тоо тоосунда тажрыйбалуу альпинисттер скалалык массивди тазалап, мелдештерди өткөрүү үчүн дистанцияларды даярдап жатышат.

🤝 Иш-чара Федерациянын жетекчилигинде, Билим берүү министрлигине караштуу РДЮЦЭКТ, «Вершина» өнөр жай альпинисттерин даярдоо борбору жана Ош шаарынын ТЖБсы тарабынан техникалык колдоо менен жүргүзүлүүдө.

🌍 Мелдештерге Россия, Казакстан, Тажикстан, Индия жана башка өлкөлөрдүн командалары катышат.

🏅 Уюштуруу комитетинин маалыматына караганда, Ош шаары эл аралык спорттук туризмдин борбору болуп калууда.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген