[adrotate_integration id=”2″]
🚧 Суусамыр – Талас – Тараз автожолунун Отмок ашуусунда 9 чакырымдык асфальт төшөө иштери уланууда.
🛣️ Июль айында 5 чакырым толугу менен асфальтталып, пайдаланууга берилген.
🔨 Калган 4 чакырымда иштер 1-сентябрда башталып, азыркы учурда да жүрүп жатат.
🚗 Отмок ашуусунан өткөн жол маанилүү транспорттук багыт болуп саналат.
🛤️ Жолдун абалы өтө начарлап кеткендиктен, кээ бир жерлерде жамаачы ремонт жүргүзүү мүмкүн эмес болгон.
✅ Ремонттун аркасында айдоочулар жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү.






