📚 Бишкекте келе жаткан Мамлекеттик тил күнүнө карата “Альянс” фракциясынын депутаттарынын жыйыны өттү.
🗣️ Кыргыз тилин өнүктүрүүдөгү жетишкендиктер, ошондой эле чечүү жолдорун талап кылган учурдагы көйгөйлөр талкууланды.
📖 Басмачы Бакыт Абдылдаев кыргыз тилинде китеп басып чыгаруу боюнча мамлекеттик программанын жоктугуна токтолду.
🌍 Кыргыз тили мугалими Виктория Кринвальд мекендештер менен да, чет өлкөлүктөр менен да кыргыз тилинде баарлашууга чакырды.
🤖 Тимур Туратали, “AkylaI” жасалма интеллектинин жаратуучусу кыргыз тилинде виртуалдык үн жардамчысын түзүү пландары тууралуу айтып берди.
🎓 Кыргызстандуп долбоорунун негиздөөчүсү Мыктыбек Мукаев университеттерде сынактар аркылуу тилди жайылтууну көздөйт.
✍️ Акындар Өзгөрүш Абакиров менен Роза Рысбек чыгармачылык аркылуу кыргыз тилине болгон кызыгууну арттырууга чакырышты.
📋 Отурумдун жыйынтыгында фракция лидери Жанар Акаев айтылган көйгөйлөрдү чечүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.