Парламенттик шайлоо: 458 талапкер катышуу үчүн арыз берди

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардын арыздары кабыл алынып жатат. 24-октябрга карата 458 жаран арыз тапшырган. Шайлоочулардын саны 4 млн 287 миң адамды түзөт, 2492 шайлоо участогу ачылат.

🗳️ Кыргыз Республикасындагы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардын арыздары Борбордук шайлоо комиссиясына түшүүдө.

📋 2025-жылдын 30-ноябрында боло турган шайлоого катышуу үчүн 458 жаран арыз берген.

🕒 Арыздарды кабыл алуу 2025-жылдын 30-октябрына чейин, саат 18:00гө чейин уланат.

🗳️ Алдын ала тизмеге ылайык, шайлоочулардын саны 4 миллион 287 миң адамды түзөт.

📍 Республика боюнча 2492 шайлоо участогу ачылат.

📅 Ар бир шайлоочу 30-октябрга чейин шайлоочулардын тизмесиндеги өз маалыматтарын такташы керек.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген