⚡ Бишкек электр тармактар ишканасы (БЭБ) электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында Кант көмөкчордонун реконструкциялоону баштады.
🔧 Модернизациялоонун алкагында кубаттуулугу 25 МВА болгон эски күч трансформатору 40 МВА кубаттуулуктагы жаңысына алмаштырылып, көмөкчордондун жалпы кубаттуулугу 80 МВАга чейин жогорулайт.
🔄 Адистер ошондой эле заманбап санариптик релелик коргоо жана автоматташтыруу терминалдарын орнотуп, эскирген коргоо жана автоматташтыруу системаларын демонтаждашат.
✅ Жаңы жабдуулар көмөкчордондун ишенимдүүлүгүн жана селективдүүлүгүн жогорулатат, бул электр менен камсыздоонун сапатына оң таасирин тийгизет.
🏗️ 1991-жылы ишке киргизилген Кант подстанциясы модернизациялангандан кийин керектөөчүлөрдү туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылат.