🌿 Президент Садыр Жапаров бүгүн «Ала-Арча» жаратылыш паркына барып, эс алуучулар менен баарлашты, сүрөткө түшүп, айрым суроолорго жооп берди.
🚗 Паркта кызмат көрсөтүүнүн сапаты жакшыртылып, экологияны коргоо чаралары күчөтүлдү. Автоунаалардын кирүүсүнө тыюу салынып, алардын ордуна электромобилдер колдонулууда.
♻️ Бул өзгөрүүлөр эс алуучуларга кызмат көрсөтүүнү жеңилдетип, жаратылышка зыяндуу таасирин азайтты.
🗑️ Мурда эс алуучулар от жагып, таштанды таштап, уруксатсыз жерлерде пикник өткөрсө, азыр парктын тазалыгы жана тартиби катуу көзөмөлдөнүүдө.
🌲 Так эрежелер киргизилип, жаратылыш паркын уникалдуу экосистемасын сактоого шарт түзүлдү.