Президент Караколдогу жаңыланган автовокзал имараты менен таанышты

Президент Садыр Жапаров Каракол шаарындагы "Ысык-Көл автотокзалынын" капиталдык ремонту жана модернизациясы менен таанышты. Автовокзал эми күнүнө 500-1000 жүргүнчүнү тейлеп, 76 маршрут боюнча кызмат көрсөтөт.

[adrotate_integration id=”2″]

🚌 Президент Садыр Жапаров Каракол шаарындагы “Иссык-Көл автовокзалынын” капиталдык ремонту менен таанышты.

🔨 Автовокзалдын башкы имараты 1988-жылы курулган жана азыр заманбап стандарттарга ылайык толук жаңыртылды.

🚏 Жаңыртылган автовокзал күнүнө 500дөн 1000ге чейин жүргүнчүнү тейлей алат жана 76 маршрут боюнча каттамдарды камсыз кылат.

🏗️ Капиталдык ремонт учурунда чатыр алмаштырылып, инженердик тармактар жаңыртылды, ички бөлмөлөр заманбап жасалгаланып, жаңы терезелер жана эшиктер орнотулду.

🌐 Жаңы LED-экран жана трансляциялык тармак орнотулуп, имараттын фасады жана айлана-чөйрөсү жакшыртылды.

🚧 Транспорт жана коммуникациялар министрлиги автовокзалдын аймагын асфальттоо иштерин жүргүзүүдө.

🌟 Президент Жапаров Каракол автовокзалы заманбап, функционалдуу жана ыңгайлуу транспорттук түйүн болуп, аймактын тургундары жана коноктору үчүн жогорку стандарттагы кызмат көрсөтөөрүнө ишеним билдирди.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген