


[adrotate_integration id=”2″]🇰🇬 Кыргызстан президенти Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан уюштурулган тесттик аралыктан добуш берүү процессине 30-октябрда катышты.
🗳️ Бишкектеги соода борборлорунун биринде орнотулган шайлоо участкасында президент онлайн идентификациядан өтүп, өзүнүн шайлоо округун жана участогун аныктады. Ал шарттуу талапкерге добуш берип, бюллетенди урнага салды.
🔍 ЦИК төрагасы Тынчтык Шайназаров президентке шайлоо жабдууларынын иштөө принцибин жана аралыктан добуш берүүнүн өзгөчөлүктөрүн көрсөтүп берди. Система кайталанма добуш берүүнү алдын алуу механизмин да көрсөттү, башка участокто онлайн идентификациядан өтүүгө аракет кылганда, программа бул шайлоочу буга чейин добуш бергенин билдирип, бюллетень берген жок.
📢 Президент шайлоо процессинин ачыктыгын, техникалык даярдыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал Борбордук шайлоо комиссиясына жана тиешелүү мамлекеттик органдарга бардык шайлоо участокторунун, анын ичинде аралыктан добуш берүү пункттарынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууну, ошондой эле жарандардын шайлоого катышуусун жогорулатуу үчүн кеңири маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясын өткөрүүнү тапшырды.
🌍 Тесттик аралыктан добуш берүү өлкөдөгү бардык участоктордо, ошондой эле Орусиянын бир катар шаарларында өткөрүлүүдө. Буга чейин окшош тесттер 10 жана 20-октябрда өткөн. Алардын максаты – жарандарга жаңы аралыктан добуш берүү системасы менен таанышуу жана анын ишенимдүүлүгүн жана ыңгайлуулугун текшерүү мүмкүнчүлүгүн берүү.






