Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Бээжинге келди

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кытайга иш сапары менен барып, Бээжинге келди. Ал 3-сентябрда Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 80 жылдыгына арналган парадга катышат жана Цай Ци менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

[adrotate_integration id=”2″]

🇰🇬 Президент Садыр Жапаровдун Кытайга иш сапары башталды.

🚄 Садыр Жапаров Кытайдын борбору Бээжинге Тяньцзинден жогорку ылдамдыктагы поезд менен келди.

🎉 Бээжиндеги темир жол бекетинде Президентти тосуп алуу үчүн кызыл килем төшөлүп, Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын желектерин кармаган балдар менен тосуп алгандар тизилип турушту.

🎖️ 3-сентябрда Садыр Жапаров Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 80 жылдыгына арналган парадга катышат.

🤝 Садыр Жапаров Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун Туруктуу комитетинин мүчөсү жана Борбордук комитеттин катчылыгынын катчысы Цай Ци менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген