



🇰🇬 Президент Садыр Жапаров Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолугушту жана эки өлкө ортосундагы стратегиялык кызматташууну талкуулады.
🤝 Садыр Жапаров Түркия менен өнөктөштүктү бекемдөөгө өзгөчө маани берерин белгилеп, саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана аскердик-техникалык тармактарда кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү бар экенин айтты.
🇹🇷 Нуман Куртулмуш Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын саламын жеткирип, Кыргызстан элине терең урмат-сый көрсөттү.
📈 Түркия тарап ар кандай тармактарда, анын ичинде парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышууга даяр экендигин ырастады.