

[adrotate_integration id=”2″]
📢 Президенттин администрациясынын маалымат саясаты кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков мамлекеттик органдардын басма сөз катчылары менен жыйын өткөрдү.
🗣️ Жыйындын негизги максаты – коммуникациялардын натыйжалуулугун жогорулатуу жана калкты так, объективдүү маалымат менен камсыз кылуу.
📈 Акыркы резонанстуу окуялар пресс-кызматтардын жарандарды тез арада кабардар кылуу жана кырдаалга убагында жооп кайтаруу боюнча ишин активдештирүүнүн зарылдыгын көрсөттү.
📝 Жыйындын жыйынтыгы боюнча Дайырбек Орунбеков пресс-кызматтардын потенциалын чыңдоо, иштин бирдиктүү стандарттарын иштеп чыгуу жана мамлекеттик коммуникациялардын оперативдүүлүгүн жогорулатуу боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.
🎯 Максаттарга жетүү үчүн приоритеттүү багыттар аныкталды.










