Прокуратура Ысык-Көлдө мамлекетке 10 га айыл чарба жерлерин кайтарды

Джети-Огуз районунда 10 гектар айыл чарба жерлери мыйзамсыз жеке менчикке берилгени аныкталды. Прокуратуранын аракеттери менен бул жерлер мамлекетке кайтарылып, баасы 18 млн 686 миң сомду түздү.

[adrotate_integration id=”2″]

🌾 Джети-Огуз районунда айыл чарба багытындагы жерлердин мыйзамсыз менчикке өткөрүлүшү аныкталды.

🔍 Жети-Өгүз райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан жалпы аянты 10 гектар жер тилкелери жарандардын жеке менчигине мыйзамсыз берилгени белгилүү болду.

🏡 Прокуратуранын чара көрүүсүнүн натыйжасында бул айыл чарба багытындагы жерлер мамлекетке кайтарылды. Алардын баасы 18 миллион 686 миң сомду түздү.

🛡️ Прокуратура жер мыйзамдарынын бузулушун алдын алуу жана айыл чарба жерлерин өлкөнүн стратегиялык ресурсу катары сактоо максатында үзгүлтүксүз көзөмөлдөө иштерин жүргүзүп келет.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген