
[adrotate_integration id=”2″]⚽️ Алматыда өткөн Лига чемпионатынын оюнунда “Кайрат” футбол клубу мадриддик “Реалдан” ири эсеп менен утулуп калды.
📉 Оюндун башында казакстандык команда активдүү баштаган, бирок 25-мүнөттө Килиан Мбаппе пенальтиден гол киргизгенден кийин оюн толугу менен коноктордун көзөмөлүнө өттү.
🎯 Экинчи таймда Мбаппе хет-трик жасап, дагы эки гол киргизди. Кошумча голдорду Камавинга жана Браим Диас киргизишти.
📊 Оюндун жыйынтыгы 0:5 эсебинде аяктады, бул “Кайрат” үчүн Лига чемпионатынын негизги этабындагы экинчи утулуу болду. Буга чейин алар португалиялык “Спортингге” 1:4 эсебинде утулушкан.
👥 Ошондой эле, “Кайраттын” жаштар курамы да мадриддик “Реалдын” жаштар курамына 1:4 эсебинде утулду.










