
[adrotate_integration id=”2″]

🦷 Бишкек шаарында жайгашкан Республикалык стоматологиялык поликлиника мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүлгөнү аныкталды.
📜 1999-жылы мамлекеттик мекеменин имаратын жеке менчикке өткөрүү иши мыйзам талаптарын бузуу менен жүргүзүлгөн. Ачык соода-сатык өткөрүлбөй, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана кызыкдар тараптардын алдын ала сүйлөшүүсү байкалган.
🏥 Поликлиника имараты республика үчүн маанилүү объект болуп саналган жана өлкө калкына стоматологиялык жардам көрсөтүүдө негизги ролду аткарган.
📚 Архивдик документтерди изилдөөнүн жыйынтыгында жана аныкталган мыйзам бузууларды эске алуу менен, объекттин ээси болгон юридикалык тарап имаратты жана андагы мүлктү мамлекетке ыктыярдуу түрдө кайтаруу чечимин кабыл алды.
🔍 Имараттын жалпы аянты 1,510 чарчы метрди түзөт.






