📰 Римдеги Пренестино районунда катуу жарылуу болду, 21 адам, анын ичинде полиция кызматкерлери жана жарандар жабыркады.
🚒 Жарылуу Виа деи Гордиани көчөсүндөгү май куюучу станцияда болгон. Жарылуунун себептери азырынча тактала элек.
💥 Биринчи жарылуу болуп, андан соң андан да күчтүүрөөк экинчи жарылуу катталган. Жарылуунун үнү шаардагы алыскы аймактардан да угулган.
🚑 Күбөлөрдүн айтымында, буга чейин бул аймакка жүк ташуучу унаа куурга сүзүп кеткендиктен тез жардам чакырылган, бирок бул эки окуянын байланышы азырынча белгисиз. Кээ бир жарандар газдын күчтүү жытын сезишкен.
👮♂️ Римдин полиция комиссары Роберто Массуччи бул суюлтулган мунай газын түшүрүү учурунда болгон кырсык экенин билдирди.
🏥 Операция жүргүзүп жаткан полиция кызматкерлери жана башка куткаруучулар күчтүү жарылуудан жабыркап, ар кайсы ооруканаларга жеткирилген. Ошондой эле станциянын менеджерин кошкондо 16 жаран жаракат алган.
🤝 Италиянын премьер-министри Джорджа Мелони окуянын кесепеттерин көзөмөлдөп, Римдин мэри жана министрдин орун басары менен тыгыз байланышта болуп, жабыркагандардын ден соолугуна өзгөчө көңүл бурууда.
🙏 Папа Римский да өзүнүн тынчсыздануусун билдирип, бул кайгылуу окуянын өнүгүшүнө көз салып жатканын айтты.