• Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кызматташтыктын келечеги талкууланды.
• Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев, Түркия президентинин административдик иштер боюнча жаңы дайындалган жетекчиси Хаккы Сусмазды кызматка киришүүсү менен куттуктады.
• Эки тараптын өкүлдөрү, Кара-Кыргыз автономиялык облусунун жана Түркия Республикасынын жүз жылдыгына байланыштуу долбоорлорго өзгөчө көңүл бөлүштү.
• Хаккы Сусмаз кыргыз тараптын демилгелерин колдоого даяр экендигин билдирди.
• Жолугушуунун соңунда тараптар биргелешкен аракеттеринин бир туугандык мамилелерди бекемдөөгө жана эки тараптуу кызматташтыкты ийгиликтүү өнүктүрүүгө көмөктөшөөрүнө ишеништи.