🇰🇬 Бишкекте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын расмий жолугушуусу болду.
🎖️ Салтанат Ынтымак Ордо имаратында өтүп, эки өлкөнүн желектери көтөрүлүп, ардактуу кароол тизилип, килемдер төшөлдү.
🎶 Өлкө лидерлери саламдашып, андан соң Кыргызстан менен Венгриянын мамлекеттик гимндери жаңырды.
👮♂️ Салтанаттын жүрүшүндө ардактуу кароолдун курамына экскурсия болуп, анда Орбан аскер кызматкерлерине: “Салам аскер!” деген сөз менен кайрылып, урмат-сый билдирди.
🤝 Жыйындын соңунда Президент жана Премьер-министр өз делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырды, андан соң аскер кызматкерлери салтанаттуу марш менен өтүштү.