Садыр Жапаров Ханкенди шаарында өткөн ЭКОнун 17-саммитине катышат

Президент Садыр Жапаров 3-4-июлда Азербайжанга иш сапары менен барып, Ханкенди шаарында өтүүчү Экономикалык Кызматташтык Уюмунун саммитине катышат. Саммитте климаттын өзгөрүшүнө каршы чаралар талкууланат. Агдам районунда кыргыз тарап курган "Айкөл Манас" мектебинин расмий ачылышы да болот.

🌍 Президент Садыр Жапаров 3-4-июлда Азербайжан Республикасына иш сапары менен барып, Ханкенди шаарында өтө турган Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 17-саммитине катышат.

🤝 Саммиттин темасы «ЭКУнун жаңы көз карашы: ишенимдүү жана климатка туруктуу келечек». Бул иш-чарага ЭКУга мүчө мамлекеттердин башчылары жана өкмөт башчылары катышат.

🌱 Саммитте климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча мүчө мамлекеттер тарабынан көрүлүп жаткан чаралар сыяктуу актуалдуу маселелер талкууланат.

🏫 Иш сапардын алкагында кыргыз тараптын демилгеси менен Азербайжандын Агдам районунда курулган «Айкөл Манас» мектебинин расмий ачылышы да болот.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x