


[adrotate_integration id=”2″]🇰🇬 Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасына жумушчу сапарынын алкагында Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун туруктуу комитетинин мүчөсү Цай Ци менен жолугушту.
🤝 Жолугушууда саясий диалогду тереңдетүү, гуманитардык жана маданий байланыштарды кеңейтүү, ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык тармактарда кызматташууну чыңдоо маселелери талкууланды.
🎖️ Цай Ци Садыр Жапаровго Кытай элинин Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңишинин 80 жылдыгына арналган салтанаттарга катышканы үчүн ыраазычылык билдирди жана кыргыз-кытай элдеринин согуш жылдарындагы биргелешкен күрөшүн эскерди.
📈 Кыргызстандын президенти Кытайды өлкөнүн негизги соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөшү катары белгилеп, каржы, инфраструктура, маданий жана гуманитардык тармактарда кызматташууну кеңейтүүгө даяр экендигин билдирди.
🌍 Садыр Жапаров Кытай компанияларын Кыргызстандын улуттук долбоорлорун ишке ашырууга активдүү катышууга чакырып, экономиканы өнүктүрүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу боюнча биргелешкен демилгелерге ачык экенин белгиледи.
🤝 Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-кытай мамилелерин мындан ары чыңдоого, стратегиялык кызматташтыкты активдүү өнүктүрүүгө жана эки элдин кызыкчылыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өз ара умтулууларын тастыкташты.






