

















🇰🇬 Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парадка Москвадагы Кызыл аянтта катышты.
🎖️ Иш-чарага 10 миңдей адам катышып, 130дан ашуун аскер техникасы жана авиация колдонулду.
🚶♂️ Улуттук гвардиянын параддык түзүмү жогорку деңгээлдеги аскердик тартипти жана даярдыкты көрсөттү.
🤝 Парадга Садыр Жапаров менен бирге Беларусия, Казакстан, Кытай, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын лидерлери да катышты.
🌍 Армения, Буркина-Фасо, Босния жана Герцеговина, Бразилия, Вьетнам, Венесуэла, Гвинея-Бисау, Египет, Зимбабве, Конго, Куба, Монголия, Мьянма, Палестина, Сербия, Словакия, Экваториалдык Гвинея жана Эфиопиянын мамлекет башчылары жана премьер-министрлери чакырылган.
🌺 Параддан кийин мамлекет башчылары Россиянын президенти Владимир Путин менен бирге Александр бакчасындагы Белгисиз Жоокердин мүрзөсүнө гүл коюу аземине катышты.