

🇰🇬 Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 8-9-май күндөрү Россия Федерациясына иш сапары менен барат.
🎖️ Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдык жеңишине арналган салтанаттуу иш-чараларга катышат.
🇷🇺 Москвадагы Кызыл аянтта өтө турган Жеңиш парадына чет өлкөлүк мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн башчылары, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен бирге катышат.
👮 Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук Гвардиясынын Параддык эсеби да бул маанилүү парадга катышат.
🤝 Бул иш сапары эки өлкө ортосундагы мамилелерди бекемдөөгө жана аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.