
[adrotate_integration id=”2″]🇰🇬 Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын 25-жыйынында сөз сүйлөдү.
🎯 Президент Жапаров ШОСко мүчө мамлекеттердин маданий жана спорттук делегацияларын 2026-жылдын күзүндө Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында катышууга чакырды.
🌍 Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандыктардын салттарын жана азыркы заманбаптыгын чагылдырган иш-чара катары таанылган.
🏆 2026-жылы Кыргызстан бул уникалдуу маданий-спорттук иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүүгө даяр.
📅 Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2014-жылдан бери өткөрүлүп келет жана көчмөн элдердин маданий мурастарын сактоого жана жайылтууга багытталган эл аралык этноспорттук форум болуп саналат.






