








🐎 Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Азербайжан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Агдам шаарындагы “Имарат” тарыхый-маданий борборунда өткөн “Жеңиш” аттуу карабах жылкыларынын көрсөтмөсүнө катышты.
🎉 Бул иш-чара 4-июлда Ханкенди шаарында боло турган Экономикалык Кызматташтык Уюмунун 17-саммитинин алкагында өттү.
🏇 Карабах жылкыларынын көргөзмөсү азербайжан жылкы өстүрүү маданиятынын бай мурасын жана байыркы салттарын чагылдырды. Көрүүчүлөр улуттук кийимчен чабандестердин классикалык жана элдик ат минүү өнөрүн, ошондой эле жигитовканы камтыган кооз шоу-программаны көрүштү.
🎶 Көрсөтмө салтанаттуу түрдө Экономикалык Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин желектерин алып чыккан чабандестердин чыгышы менен башталып, салттуу азербайжан музыкасы жана улуттук бийлер менен коштолду.