







[adrotate_integration id=”2″]
🌍 Садыр Жапаров баса белгилегендей, биз регионалдык демилгелерди колдоого, мамлекеттер аралык долбоорлорду ишке ашырууга жана жергиликтүү деңгээлде бизнес менен инвестиция үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө чоң маани беребиз.
🤝 Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы инвестициялык жана экономикалык форум 8-июлда Душанбе шаарындагы «Көз карандысыздык сарайында» өттү.
👥 Форумга Кыргызстан менен Тажикстандан келген 500гө жакын бизнес өкүлдөрү катышты.
🏭 Форум 7-июлда бизнес-сапарларды камтыган практикалык бөлүк менен башталып, анда ишкерлер ишканаларга барып, туризм, өндүрүш, дүң жана чекене соода тармактарындагы потенциалдуу өнөктөштөр менен таанышты.
🔗 Бул иш-чара эки өлкөнүн бизнес коомчулугунун ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган.






