






🌍 II Эл аралык туристтик көргөзмөнүн экинчи күнү “Салам, Ош-2025” Ноокат районундагы кооз Кара-Кой жайлоосунда өттү. Бул этнокөргөзмө кыргыз элинин бай маданиятын, салттарын жана региондун туристтик мүмкүнчүлүктөрүн илгерилетүүгө багытталган.
👥 Иш-чарага облус башчысы Эльчибек Жантаев, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти, Туризм департаментинин директору, ошондой эле Германия, Кытай, Россия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан жана Кыргызстандын бардык аймактарынан келген өкүлдөр катышты.
🏕️ Көргөзмөдө облус аймактарынын боз үйлөрү коюлуп, анда этнокөргөзмөлөр өткөрүлдү. Расмий коноктор элдик салттар, кол өнөрчүлүк, улуттук оюндар жана концерттик номерлер менен таанышышты. Ошондой эле, салбуурун (улуттук аңчылык) жана фольклордук мелдештер уюштурулуп, коноктор Кара-Койдун табигый кооздугунан ырахат алышты.
🎉 Фестивалдын алкагында кийинки “Салам, Ош” фестивалын 2026-жылы өткөрүү укугу Кара-Суу районуна өткөрүлүп берилди.
📈 “Салам, Ош – 2025” фестивалы Ош облусунда жаңы туристтик багыттарды түзүү жана илгерилетүү боюнча маанилүү кадам болуп саналат. Анын расмий ачылышы 3-июнда Ош шаарында болуп өттү.