




📈 Бишкектеги айрым медициналык уюмдарда санариптик трансформациянын ишке ашырылышы боюнча иштер жүрүп жатат.
🏥 Улуттук онкология жана гематология борборунун адистери амбулатордук кабыл алуунун учурдагы уюштурулушун жана колдонулуп жаткан маалыматтык системаларды тааныштырышты.
💻 Жетекчилик менен болгон жолугушуунун жыйынтыгында ички процесстерди оптималдаштыруу жана медициналык документтердин ачыктыгын жогорулатуу үчүн «Санарип клиник» мамлекеттик маалыматтык системасына өтүү чечими кабыл алынды.
⏱ Онкологиялык оорулар менен жабыркаган бейтаптардын арасында кезектерди кыскартуу жана медициналык жардам көрсөтүүнүн ырааттуулугун камсыз кылуу үчүн санариптик инструменттерди киргизүү чечими кабыл алынды.
🖥 Жумушчу орундардын техникалык жабдылышы менен таанышып, бейтаптар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, медициналык кызматтарды алуу шарттарын жакшыртуу боюнча жарандардын сунуштарын жана кайрылууларын угушту.
🏥 №6 Үй-бүлөлүк медицина борборунда санариптештирүүнүн жогорку деңгээли жана бирдиктүү маалыматтык система алкагында санариптик чечимдердин натыйжалуу колдонулушу белгиленди.
🌍 «Санарип MED» демилгесинин алкагында санариптик күн тартибин ишке ашыруу өлкөнүн бардык саламаттыкты сактоо уюмдарын камтышы керек, ал эми мекемелердин жетекчилери санариптик чечимдерди толук кандуу киргизүү үчүн бардык шарттарды камсыз кылышы зарыл.