🩺 Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги ОсОО «Диамед» компаниясынын үч филиалында гемодиализ кызматтарын көрсөтүү лицензиясын убактылуу токтотту. Бул чечим Бишкек, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы медициналык жардамдын сапатына байланыштуу жарандардын арыздарынын негизинде кабыл алынды.
🔍 Министрлик тарабынан түзүлгөн комиссия «Диамед» компаниясынын лицензиялык талаптарды бузганын аныктады. Аталган мыйзам бузууларды жоюу үчүн лицензия 90 күнгө токтотулду.
🏥 Бишкек, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы филиалдарда дарыланып жаткан бейтаптарды башка медициналык борборлорго бөлүштүрүү иштери жүргүзүлдү. Бишкектеги филиалдан 74 бейтап, Александровкадан 46 бейтап жана Балыкчыдан 29 бейтап башка медициналык уюмдарга жөнөтүлдү.
📋 Ар бир бейтапка дарылоонун кийинки кадамдары боюнча жеке маалымат берилди. Медициналык уюмдарга пациенттерди кабыл алуу боюнча көрсөтмөлөр берилди.
🔒 Лицензиянын убактылуу токтотулушу кылмыш ишине байланыштуу эмес. Бул тууралуу айрым булактарда тараган маалыматтар чындыкка дал келбейт.
📊 Саламаттыкты сактоо министрлиги абалды көзөмөлдөөнү улантып, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жана коопсуздугу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экенин эскертет.