

🔒 Мамлекеттик кызматкерлердин санариптик сабаттуулугун жогорулатуу жана кибер коркунучтарды алдын алуу маселелерине арналган семинар өттү.
🛡️ Иш-чаранын максаты – мамлекеттик кызматкерлердин заманбап кибер коркунучтар, социалдык инженерия ыкмалары, фишинг чабуулдары жана башка санариптик тобокелчиликтер тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу.
📧 Электрондук почта, сырсөздөр жана корпоративдик маалыматтар менен коопсуз иш алып баруунун негиздерине өзгөчө көңүл бурулду.
📊 Катышуучуларга Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө орун алган чыныгы киберинциденттер боюнча мисалдар көрсөтүлдү, бул санариптик коркунучтардын табиятын жакшыраак түшүнүүгө жардам берди.
💬 Семинар суроо-жооп сессиясы менен аяктады, анда кызматкерлер IT коопсуздук боюнча адистерден түшүндүрмө алып, күнүмдүк иштеринде маалыматтарды коргоону күчөтүү боюнча мүмкүн болгон чараларды талкуулашты.