









🌾 Бишкекте Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында “Цифровой фермер 2025” форумунун экинчи күнү өтүп жатат. Бул агроөнөр жай секторундагы алгачкы маанилүү иш-чара болуп саналат.
🚜 Форумдун алкагында заманбап айыл чарба технологияларынын көргөзмөсү уюштурулду.
💧 Бүгүнкү күндө форумда тоют даярдоо, сенаж жана тоют өсүмдүктөрүн өндүрүү боюнча жаңы технологиялар, суу үнөмдөөчү жана комплекстүү жер семирткич өндүрүүчү инновациялык технологиялар талкууланууда.
🌱 “KLASS” айыл чарба техникасын колдонууда заманбап санариптик чечимдер жана тамчылатып сугаруу системасынын негиздери каралды.
🐄 Сүт багытындагы мал чарбачылыгында санариптик технологиялардын колдонулушу талкууланды.
🌍 Фермерлер айыл чарбасындагы санариптик революциянын бир бөлүгү болгон алдыңкы технологиялар менен таанышып, аларды кантип сатып алып, колдонуу керектиги тууралуу толук маалымат алышты.
🚜 Бул форум фермерлерге дүйнөлүк санариптештирүү тенденциялары жана агроөнөр жай комплексине инновациялык технологияларды киргизүү мүмкүнчүлүктөрү менен таанышууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.