Санарип технологиялар жана жаратылышты коргоо: «Ала-Арча» үлгүлүү паркка айланууда

Улуттук «Ала-Арча» жаратылыш паркында санариптештирүү жана экологиялык туруктуулук боюнча иштер жүрүүдө. Паркка кирүү QR-код жана банк картасы аркылуу гана жүргүзүлөт. Канат жолу жана экологиялык мейманкана курулууда.

🌿 Ала-Арча улуттук жаратылыш паркында президент Садыр Жапаров тарабынан сунушталган санариптештирүү жана экологиялык туруктуулук боюнча мамлекеттик саясаттын эки артыкчылыктуу багытын ишке ашыруу боюнча активдүү иштер жүрүп жатат.

📱 Паркка кирүү QR-код жана банк картасы аркылуу жүргүзүлөт, накталай акча кабыл алынбайт. Бул санариптик кадам өлкөнүн келечегине багытталган.

🏨 Мейманканаларда акылдуу кулпулар орнотулуп, коноктор автоматтык түрдө катталат. Бул жаңы система коноктордун так эсебин камсыз кылат жана жетекчилердин тааныштарын бекер жайгаштыруу тажрыйбасын токтотот.

🚠 Бул жылы канат жолунун курулушу аяктайт, ал эми үч кабаттуу экологиялык мейманкана бассейн менен курулууда. Мындан тышкары, тоонун бооруна A-frame стилиндеги 20дан ашык үй курулууда.

🌲 Президент баштаган жол технология менен табияттын ортосунда тең салмактуулукту табууга умтулат. Бул багыт келечекке туура жол жана аны конкреттүү иштер менен колдойбуз.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x