Сариев менен Кыргызстандын Түркиядагы соода өкүлү экспортту колдоо жана жаңы долбоорлорду талкуулашты

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Түркиядагы соода өкүлү Чынгыз Эсенгул уулу менен кыргыз-түрк соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү жана экспортту колдоо боюнча жолугушуу өткөрдү.

[adrotate_integration id=”2″]

🇰🇬 Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Түркиядагы Кыргызстандын соода өкүлү Чынгыз Эсенгул уулу менен жолугушту. Жолугушууда кыргыз-түрк соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү, экспортту колдоо жана биргелешкен бизнес демилгелерин ишке ашыруу боюнча практикалык кадамдар талкууланды.

🤝 Чынгыз Эсенгул уулунун иш тажрыйбасы кеңири, ал Президенттик администрацияда катардагы кызматкерден тартып Маданият министринин биринчи орун басарына чейинки жолду басып өткөн.

🌐 Эсенгул уулунун ишкер чөйрө менен болгон тажрыйбасы кыргыз компанияларынын кызыкчылыктарын түрк рыногунун мүмкүнчүлүктөрү менен ыкчам байланыштыруу үчүн баалуу ресурс болуп саналат.

📈 Биргелешкен долбоорлор, экспорттун өсүшү жана өндүрүш менен кызмат көрсөтүүдө кооперациянын күчөшү күтүлүүдө.

🛠 Бул бизнеске түрк рыногуна чыгуу үчүн бирдиктүү “терезе”, экспорттоочуларды колдоо жана кооперацияны күчөтүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген