Шаарларды жашоого ыңгайлуу кылуу: Бишкек менен Ош тажрыйба алмашууда

Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары шаардык өнүгүү жаатында тажрыйба алмашуу үчүн жолугушуп, инфраструктураны модернизациялоо жана экологиялык чечимдерди киргизүү маселелерин талкуулашты.

[adrotate_integration id=”2″]

🌆 Бишкек шаарында Ош шаарынын мэриясы менен жолугушуу болуп өттү.

🤝 Жолугушууга Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Ильяс Колопов жана Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Масуда Айдарбекова катышты.

🏙 Жолугушуу “АРАКЕТ” долбоорунун колдоосу менен уюштурулуп, шаардык өнүгүү жаатындагы тажрыйба алмашууга багытталган.

🌿 Тараптар шаарларды көрктөндүрүү, турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү, санариптештирүү, муниципалдык мүлктү башкаруу, инфраструктураны модернизациялоо жана экологиялык чечимдерди киргизүү сыяктуу маселелерди талкуулашты.

🔍 Ош шаарынын өкүлдөрү Бишкектеги “Бишкектеплоэнерго”, “Бишкекводоканал”, “Тазалык”, Муниципалдык инспекция, Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаменти, Санариптик технологиялар борбору сыяктуу мекемелердин ишин изилдеп жатышат.

🔗 Тараптар диалогду улантууга жана кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр экендигин билдиришти, бул демилгелер адистердин кесиптик өнүгүүсүнө гана эмес, шаардык чөйрөнүн жана калктын жашоо деңгээлинин туруктуу өсүшүнө да өбөлгө түзөт.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x