Шайлоо мыйзамындагы өзгөртүүлөр: Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар үчүн БШК программалык камсыздоо иштеп чыгат

Кыргызстандыктардын чет өлкөдө добуш берүүсүн жеңилдетүү үчүн программалык камсыздоо иштелип чыгат. Жаңы мыйзам кабыл алынса, ID паспорт, чет элдик паспорт жана "Тундук" колдонмосу аркылуу добуш берүү мүмкүн болот.

🇰🇬 Кыргызстандыктардын чет өлкөдө добуш берүүсүн жеңилдетүү үчүн программалык камсыздоо иштелип чыгат.

🗳️ Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров жаңы мыйзам кабыл алынгандан кийин чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар үчүн добуш берүү процесси жөнөкөйлөштүрүлөрүн билдирди.

📱 Жаңы программалык камсыздоо аркылуу ID паспорт, чет элдик паспорт жана “Тундук” тиркемеси аркылуу добуш берүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

🌍 Кыргызстандын жарандары кайсы өлкөдө болбосун, эгерде ошол жерде же шаарда добуш берүү пункту ачылса, өз добушун бере алышат.

🆕 Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү процессин жеңилдетүү үчүн жаңы, заманбап жабдууларды сатып алып, колдонууну баштады.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x