📈 Өзбекстандын экономикасы акыркы беш жылда бир топ чыңдалды.
💰 Өлкөнүн ички дүң продукциясы (ИДП) 100 миллиард долларга жетип, мурунку жылдарга салыштырмалуу эки эсеге өстү.
📊 2024-жылга карата калктын жан башына киреше 3 миң долларды түзөт, бул 2018-жылдагы 1,6 миң доллардан дээрлик эки эсеге көп.
🌍 Дүйнөлүк банк Өзбекстанды 2024-жылы Европа жана Борбор Азиядагы эң тез өнүгүп жаткан үч экономиканын бири деп аныктады.
📉 Өлкөдөгү жакырчылыктын деңгээли акыркы төрт жылда 23%дан 11%га төмөндөдү, ал эми жылдын аягына чейин дагы 9%га чейин төмөндөшү күтүлүүдө.
📈 Товарлардын экспорту дээрлик эки эсеге өсүп, 25 миллиард доллардан ашты, алтын-валюта резерви 40 миллиард долларды түздү.
💼 Чет элдик инвестицияларды тартуу алты эсеге көбөйүп, 1,5 миллион жогорку маяналуу жумуш орундарын түзүүгө шарт түздү.
📊 ИДПдагы инвестициянын үлүшү 30%га көбөйдү, бул өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшүн көрсөтөт.