Соцфонд жыл аягына чейин пенсияга кошумча төлөмдөр үчүн 2 миллиард сомдон ашык каражат бөлөт

Бишкек, 23.09.25. /Кабар/. 1-октябрдан жыл аягына чейин 2 млрд 44 млн сом пенсияга кошумча катары бөлүнөт. Кийинки жылы бул сумма төрт эсеге көбөйүшү мүмкүн, деп билдирди Соцфонддун өкүлү Женишбек Муканбетов.

📈 Кыргызстанда пенсиялар октябрь айынан тартып көбөйтүлөт.

💰 2 млрд 44 млн сом 2025-жылдын аягына чейин пенсияларды көбөйтүүгө жумшалат.

📊 Пенсиянын көбөйүшү ар бир адамдын иш стажына жана камсыздандыруу төгүмдөрүнө жараша болот.

🗓 Жарандар пенсиялары тууралуу суроолорду 10-октябрдан кийин аймактык бөлүмдөргө кайрылып тактай алышат.

🔍 Кийинки жылы пенсиялар үчүн бөлүнгөн каражаттардын суммасы төрт эсеге көбөйүшү мүмкүн.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген