💰 Кыргызстандын Социалдык фондунун 2025-жылга бюджети 117 миллиард сомдон ашык каражатты түзөт.
📊 2024-жылдын такталган бюджети 110 миллиард сомдон ашык деп белгиленген.
⚖️ Депутат Камила Талиева белгилегендей, 2025-жылы Социалдык фонддун бюджетинин тартыштыгы 2 миллиард сомдон ашык болору күтүлүүдө.
🔄 Социалдык фонддун төрагасы Бахтияр Алиев бюджетти экинчи окууга карай өзгөртүүлөр пландалып жатканын, анын жыйынтыгында 118 миллион сом профицит күтүлүп жатканын билдирди.
🏦 Учурда Соцфонддун каражаттары өлкөдөгү 14 коммерциялык банкта жайгаштырылган.