“Социал-демократтар” Бишкек шаардык кеңешине шайлоодон четтетилди

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы добуштарды сатып алуу фактылары боюнча Социал-демократтар партиясын каттоодон баш тартты. Бул факты боюнча РИИБ тергөө иштерин жүргүзүп, партиянын лидери баш болгон бир нече мүчөсү кармалган.

🚨 Бишкекте “Социал-демократтар” саясий партиясын добуштарды сатып алуу боюнча айыптоодон улам каттоо токтотулду.

🔍 Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы Борбордук ички иштер башкармалыгынын арызынын негизинде партияны каттоону жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.

📱 Социалдык тармактарда добуштарды сатып алуу схемалары талкууланган партия мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсүнүн жазуулары пайда болду.

⚖️ Бул фактынын негизинде добуштарды сатып алуу фактысы боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгү менен кылмыш иши козголду.

👥 Партия лидери жана бир нече мүчөлөрү буга чейин күбө катары суралып, айрымдары камакка алынган.

🔒 Тергөө иштери жүрүп жатат, анын жыйынтыгында иштин бардык катышуучуларынын аракеттерине юридикалык баа берилет.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x