🕊️ Кыргызстандын айыл чарба тармагына зор салым кошкон көрүнүктүү инсан Кульсара Сулайманова 95 жашында дүйнөдөн кайтты.
🌾 Кульсара Сулайманова 1930-жылы 1-январда Чүй облусунун Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында төрөлгөн. Ал 44 жыл бою кант кызылчасын өстүрүүдө эмгектенип, Кыргызстандын айыл чарбасында зор ийгиликтерге жетишкен.
🏅 1965-жылы кант кызылчасын өстүрүүдө жогорку түшүмдүүлүккө жетишкендиги үчүн Ленин ордени жана “Серп и Молот” алтын медалы менен сыйланып, Социалисттик Эмгектин Баатыры наамын алган.
👩👧👦 Улуу Ата Мекендик согуштан кийин 17 жашында үй-бүлө куруп, 12 баланы тарбиялагандыгы үчүн “Баатыр эне” наамы менен сыйланган.
🏛️ Кыргыз ССРинин VII жана VIII чакырылышында Жогорку Советтин депутаты болуп шайланган жана Коммунисттик партиянын съезддерине делегат болгон.
🎖️ 1976-жылы Октябрь революциясы ордени жана Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган. 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен “Даңк” медалы ыйгарылган.
🏛️ Панфилов районунда анын урматына бронза бюст орнотулуп, музей ачылган жана көчөгө анын ысымы ыйгарылган. Анын эмгеги Кыргызстандын “Эмгек даңкы” китебине киргизилген.
🌟 Кульсара Сулайманованын жаркын элеси кыргыз элинин эсинде түбөлүккө сакталат.