

[adrotate_integration id=”2″]
🏠 Сокулук районунда мыйзамсыз курулган үй бузулду жана анын ээси айыпка жыгылды.
🔍 Бишкек жана Чүй облусунун жер жана суу ресурстарын пайдаланууну көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз курулуш аныкталды.
📍 Кожомкул айыл өкмөтүнүн №519 жана №520 контурларынын батыш тарабында курулуш башталган.
📄 Жаран турак үйдү курууга зарыл уруксат документтерин албай туруп баштаган.
👮 Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрүнүн катышуусунда мыйзам бузуу фактылары катталып, мыйзамсыз курулуш бузулду.
💰 Жер участогун өзүм билемдик менен пайдалануу натыйжасында келтирилген зыян 45 532 сом өлчөмүндө бааланып, жер ээси зыянды төлөп берүүгө милдеттендирилди.










