🚗 Кыргызстандын транспорттук көзөмөл пункттарында электрондук төлөм системасынын киргизилиши менен январь-май 2025-жылдары 100 миллион 992 миң 765 сом чогултулду.
📈 Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 46,3% жогору.
📱 Бардык төлөмдөр QR-коддор, терминалдар же мобилдик тиркемелердеги электрондук капчыктар аркылуу жүргүзүлөт.
🚫 Январь айынан баштап бул пункттарда накталай төлөм толугу менен токтотулган.
👥 Бул демилге транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаевдин тапшырмасы менен ишке ашырылып, кызмат көрсөтүүнүн ачыктыгын жана сапатын жогорулатуу, адам факторун азайтуу жана коррупцияга каршы күрөшүү максатында иштелип чыккан.
🔧 Системаны “Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесинин адистери иштеп чыгышкан.
🛣️ Көзөмөл пункттарындагы өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн кошумча эки жаңы жол тилкеси курулуп, ишке киргизилди, бул тыгындарды кыйла азайтты.