🎉 Бишкекте Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунун 50 жылдык мааракеси белгиленди.
🏅 Салтанаттуу иш-чарага өкмөт өкүлдөрү, белгилүү спортчулар жана ардактуу коноктор катышып, бул иш-чаранын маанисин баса белгилешти.
🎤 Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов жана анын орун басары Айбек Абдымомунов Спорт Ордосунун өлкөдөгү спорт кыймылынын өнүгүшүнө кошкон салымы зор экенин белгилешти.
🏆 Ардактуу коноктордун арасында министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси Медетбек Букуев, Жогорку Кеңештин депутаттары жана Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев болду.
🎖️ Иш-чаранын алкагында Спорттук имараттар башкармалыгынын кызматкерлерин сыйлоо аземи болуп, анда “Дене тарбиянын отличниги” Ардак грамоталар жана төш белгилер тапшырылды.
🌟 Спорт Ордосу спортчулардын жаңы муунун тарбиялоодо жана Кыргызстандын спорттук мурасын колдоодо негизги ролду ойноп келет.